Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 9-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 27
Казыбек айыл өкмөтү боюнча таштанды чыгаруу жана көмүү үчүн күйүүчү майга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтү боюнча таштанды чыгаруу жана көмүү үчүн күйүүчү майга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат :
1. Казыбек айыл өкмөтү боюнча таштанды чыгаруу жана көмүү үчүн күйүүчү майга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Күйүүчү май үчүн сметасын түзүп келүү жагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Үсөнбек уулу Тынчтыкбекке тапшырылсын.
3. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |