Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 2
Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин электр мешине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин от казаны эскирип калгандыктан,электр мешин алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектебинин от казаны эскирип калгандыктан, электр мешин алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |