Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 3
Казыбек айылынын кире бериш жеринен Абдыразаков Т. көчөсүнө чейин жарыктандыруу орнотуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүндөгү Казыбек айылынын кире бериш жеринен б.а. “АРКА”дан Т.Абдыразаков көчөсүнө чейин электр зым карагайларын орнотуп түнкү жарыктандырууну коюу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат :
1. Казыбек айыл өкмөтүндөгү Казыбек айылынын кире бериш жеринен б.а. “АРКА”дан Т.Абдыразаков көчөсүнө чейин электр зым карагайларын орнотуп түнкү жарыктандырууну коюу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 228250 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүү жана тендерге жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |