Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 5
Айыл өкмөтүндөгү «Казыбек - Жеткинчек» балдар бакчасынын жана Жаңы-Күч айылындагы китепкананын, айыл башчынын имаратындагы интернет булагынын кызматына акча каражатын которуу жөнүндө
Айыл өкмөтүндөгү Казыбек айылындагы “Казыбек - Жеткинчек” балдар бакчасынын жана Жаңы - Күч айылындагы китепкананын, айыл башчынын имаратындагы интернет булагынын кызматына төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын жана Жаңы-Күч айылындагы китепкананын, айыл башчынын имаратындагы интернет булагынын кызматына төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 16500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |