Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 6
Айыл өкмөтүндөгү Н.Үсөналиев жана Ж.Кайыпов орто мектептеринин интернет булагынын кызматына акча каражатын которуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин жана Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин интернет булагынын кызматына төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин жана Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин интернет булагынын кызматына төлөө үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 16500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |