Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 8
Жаңы-Күч айылынын генералдык планын чийүү үчүн райондук архитектурага акча которуу жөнүндө
Жаңы-Күч айылынын кеңейтүүгө калтырылган жерлердин генералдык планын чийиш үчүн райондук архитектурага айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Жаңы-Күч айылынын кеңейтүүгө калтырылган жерлердин генералдык планын чийиш үчүн райондук архитектурага айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |