Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 9
Айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилерге электр энергиясын пайдаланууга техникалык шартын алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерге электр энергиясын пайдаланууга техникалык шартын алуу үчүн “Чыгыш-Электро” мекемесине айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилерге электр энергиясын пайдаланууга техникалык шартын алуу үчүн “Чыгыш-Электро” мекемесине айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |