Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 10
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл ичиндеги трансформаторлордун тегерегин тосуу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Казыбек айылынын ичиндеги трансформаторлордун тегерегин тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Казыбек айылынын ичиндеги трансформаторлордун тегерегин тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 48630 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |