Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 12
Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга уруксат алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” Мыйзамынын 37-статьясынын негизинде, айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга мамлекеттик эксперттен уруксат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” Мыйзамынын 37-статьясынын негизинде ,айыл өкмөтүнүн кеңсесинин түштүк жагындагы терезенин ордуна эшик ачууга мамлекеттик эксперттен уруксат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |