Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 13
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча даярдык көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 02-15\810 сандуу катына ылайык, айыл өкмөтүндө шайлоочулардын саны 2500 ашык болгондуктан Казыбек айылында кошумча шайлоо участкасы ачылган жана ошондой эле шайлоо участокторун материалдык -техникалык ж.б. каражаттар менен камсыздоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча которуу максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 02-15\810 сандуу катына ылайык, айыл өкмөтүндө шайлоочулардын саны 2500 ашык болгондуктан Казыбек айылында кошумча шайлоо участкасы ачылган жана ошондой эле шайлоо участокторун материалдык - техникалык ж.б. каражаттар менен камсыздоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 18420 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |