Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 17
Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө коюлган жаңы трансформатордун кем-карчысын толуктап коюу үчүн акча бөлүү жөнүндө
Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө коюлган жаңы трасформатордун кем-карчысын толуктап коюу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы А.Сыдыкбеков көчөсүнө коюлган жаңы трасформатордун кем-карчысын толуктап коюу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Трансформаторду толуктап коюп берүү жагы Ат-Башы райондук РЭТтин акиминин орун басары Жакыпов Замирбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |