Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 19
Айыл өкмөтүнө материалдык-техникалык каражаттарды алуу жөнүндө
Казыбек айыл өкмөтүнө материалдык-техникалык каражаттарды алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айыл өкмөтүнө материалдык - техникалык каражаттарды алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 132710сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |