Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 20
Казыбек айылындагы таштанды төгүүчү жайдын тегерегин тосууга акча бөлүү жөнүндө
Казыбек айылындагы таштанды төгүүчү жайдын тегерегин тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы таштанды төгүүчү жайдын тегерегин тосуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 150000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |