Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 8-кезектүү сессиясы
2020-жылдын 11-сентябры № 21
Казыбек айылындагы М.Турдалиева көчөсүнө шагыл төгүү үчүн акча бөлүү жөнүндө
Казыбек айылындагы М.Турдалиева көчөсүнө шагыл төгүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлдүрүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Казыбек айылындагы М.Турдалиева көчөсүнө шагыл төгүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |