Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 14-кезексиз сессиясы
2020-жылдын 19-июну № 2
“Казыбек - Жаңыкүч - Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан, Казыбек айыл өкмөтүндөгү жаңы ачылган “Казыбек - Жаңыкүч - Тазалык” муниципалдык ишканасынын элге кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. “Казыбек - Жаңыкүч - Тазалык” муниципалдык ишканасынын жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Күл (от калдыктары) жеринен чыгаруу 650 сом, күйүүчү май ичинде;
2) Эгерде үй ээсинин өздүк жумушу (М: дыйкан жерлерин түздөтүү, айыл ичиндеги бузулган турак-жайдын ордун түздөө ж.б.) болсо 1 саатка 30 литр күйүүчү май,1000 сом;
3) Тиричилик-курулуш таштандыларын КАМАЗга жүктөп берүү үчүн 500сом күйүүчү май ичинде;
4) Айыл ичиндеги ар бир үйдөн тиричилик таштандыларын чыгаруу, жан башына ай сайын 10 сомдон алынат.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |