Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 18-чакырылышынын 1-сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 3
Кара-Суу айылдык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык Кеңешинин Регламентинин 9.4-пунктундагы 3 деген цифра 5 деген, 5 деген цифра 7 деген цифраларга өзгөртүлсүн.
2. Кара-суу айылдык Кеңешинде төмөнкүдөй 3 туруктуу комиссия түзүлсүн;
- Бюджеттик тармакка 5 депутат - экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш.
- Агрардык тармакка 7-депутат -айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт боюнча, жер жана экология.
- Соц тармакка 7- депутат - социалдык маселелер, ишти уюштуруу, жаштар, спорт жана маданият боюнча, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо.
3. Бул токтом кабыл алынган кундөн тартып күчүнө кирин.
Төрага | Ж. Иманкулов |