Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 2/6
Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Коюн участогундагы ижарага берилген айрым жерлеринин келишимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн участогундагы Калама каналынын алдындагы ижарага берилген жерлердин ижара акысы, каналдарды оңдоо түзөө иштерине ижарачылар акысыз тартылгандыгына байланыштуу 2021-жылга карата келишимине өзгөртүү киргизилип, 300 сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы К Барыктабасовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |