Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 17-чакырылышынын 1-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 12-февралы № 1/4
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси У. А. Жумагуловдун 2020-жылдын 31-декабрындагы №01-11/474 катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К Барыктабасовго, «Кара-Суу өнүгүү» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К Иманкуловго, жайыт комитетинин төрагасы Искак уулу Мээрбекке ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы эскертилсин.
2. 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүү чечимин жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнөн суралсын.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
5. Расмий жарыялоо жана юстициядан каттоодон өткөрүү жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |