Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги II – сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 2/4
Сугат айдоо жерлери категориясынын калктуу конуштардын жерлери категориясына которулган жер аянттарына турак жай курууга жер өлчөмүн белгилөө жөнүңдө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 Токтому менен бекитилген убактылуу тартибине ылайык жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 Токтому менен “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарына 0,1га дан берилген жерлерге Көк-Жар айылынын “Кара-Теке” участкасынын №186,184,124-контурундагы 40.0га Көк-Жар айылындагы “Сарт-Арык” участкасынын №184,231-контурундагы 4,0га айыл чарба мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, жалпы 44,0 га жери Көк-Жар айыл тургундарына 0,1га дан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарууга жагы Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Кадыракунов |