Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги I – сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/2
Көк- Жар айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7-пункттарына ылайык жана Көк-Жар айылдык кеңешинин Регламентинин 5-главасынын негизинде айылдык кеңештин депутаттары М.Эшимканова, Шейшенбек уулу Максат, Төлөк Мыканов сунуштары менен көрсөтүлгөн депутат А.Кадыракунов менен депутат Д.Калыгуловага жүргүзүлгөн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы №1 протоколун угуп, Көк - Жар айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнун жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 10 добушун алган депутат А.Кадыракунов төрага болуп шайланды деп табылсын.
3. Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын 10 добушун алган депутат Калыгулова Дарика төраганын орун басары болуп шайланды деп табылсын.
4. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Депутат сессияга тѳрагалык кылуучу | А.Кадыракунов |