Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 24/1
Көк - Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы бюджетинин аткарылышын, 2021-жылдын бюджетин жана 2022-2023-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаеванын докладын угуп жана талкуулап, финансы бөлүмүнүн сунушун карап сессия төмөндөгүлөрдү белгилейт. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-36- статьяларына ылайык Көк - Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча жалпысы 4385,6 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүсү кирешелер 1617,3 миң сом тендештирүүчү грант 2768,3,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча жалпысы 4665,9 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүсү кирешелер 1663,3миң сом тендештирүүчү грант 3002,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча жалпысы 4737,9 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүсү кирешелер 1700,0миң сом тендештирүүчү грант 3037,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кирешелер бөлүгү.
№ | Кирешелердин түрү | План (мин сом менен) |
1 | Киреше салыгы | 810,0 |
2 | Ыктыярдуу салык | 57,0 |
3 | Бирдиктүү салык | 6,1 |
4 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 5,0 |
5 | Унаа салыгы | 202,0 |
6 | Жер салык (физ жак) | 20,5 |
7 | Жер салык дыйкан чарба (юрид жак) | 213,2 |
8 | Айыл чарба багытында эмес салык | 21,0 |
9 | Атайын каражат | 90,0 |
10 | Ижара ФПС | 41,4 |
12 | Жайыт акы | 151,1 |
Баары | 1617,3 | |
14 | Тендештирүүчу грант | 2768,3 |
| БААРЫ | 4385,6 |
|
|
|
6. Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга чыгаша бөлүгү
№ | аталышы | суммасы |
1 | аппарат | 2912,1 |
2 | клуб | 280,5 |
3 | Китепкана | 175,6 |
4 | мектеп | 599,0 |
5 | Бала бакча | 267,3 |
6 | жайыт | 151,1 |
| баары | 4385,6 |
2021-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы киреше бөлгүнүн милдетин аткаруучу У.Муканов жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н. Кененбаевага милдеттендирилсин.
7. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Кененбаевага тапшырылсын.
8. Каралган бюджеттин аткарылышын, максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айылдык Кенештин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына, ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н. Кененбаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |