Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 24/2
Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021- жылдагы бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү 19-июнь 2009-жылдагы №386 мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык Кенеши токтом кылат
1. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 151100 м.с чыгаша бөлүгү 151150 м.с бекитилсин
2. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 156150сом жана чыгаша бөлүгү 156150 м.с бекитилсин.
3. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 157800сом жана чыгаша бөлүгү 157800 м.с бекитилсин.
4. Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү.
Салыктын түрү аталышы | классификациясы | суммасы |
Жайыттын ижара акысы | 14152200 | 151100 |
2021-жылдын жайыт ижира акысын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А.Айдакеевага милдеттендирилсин.
3. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасы М. Монкоевге тапшырылсын.
4. Каралган бюджеттин аткарылышын, максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айылдык Кенештин экономика жана бюджет боюнча түзүлгөн турукту комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |