Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 24/4
Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Моңкоевдин жана эсепчиси Г. Сакенованын 2020-жылы аткарган иштерин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 324,0 (үч жүз жыйырма төрт миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |