Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 24/5
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 230960 (эки жүз отуз миң тогуз жүз алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышы максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси А.Айдакеевага милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |