Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык Кеңешинин VI - чакырылышынын кезектеги XXIV – сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 24/6
Көк-Жар айыл аймагынын СПА бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын СПА бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2021-жылга карата бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын СПА бирикмесинин 2020-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. СПА бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 162120 (бир жүз алтымыш эки миң бир жүз жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышы максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы СПА нын бирикмесинин төрагасы Ж.Кулөнтаевке милдеттендирилсин.
Тѳрага | А.Кадыракунов |