Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 1/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Киреше:
- Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык - 4 340 600 сом.
- Теңдештирилген грант - 6 238 000 сом
Баары : - 10 578 600
Чыгаша:
- Башкаруу аппаратына - 6 342 900 сом
- Маданият тармагына - 2 041 500 сом
- Билим берүү тармагына - 1 534 000 сом
- Атайын каражат - 368 000 сом
- Экономикалык маселелер - 292 200 сом
Баары: 10 578 600 - сом
2. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2022-2023 - жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- 2022- жылга Жергиликтүү киреше – 4 432 400 сом
Теңдештирилген грант – 6 264700 сом
Баары: – 10 697 100
- 2023 -жылга Жергиликтүү киреше – 4 505 400 сом
Теңдештирилген грант – 6 340 100 сом
Баары: – 10 845 500 сом.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун жетекчиликке алып, 2021-жылдын 25-январындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумуш орундарын аттестациялоонун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча комиссиянынын отурумунун №1 протоколунун негизинде компьютерде иштеген 7 штаттык бирдигиндеги айыл өкмөт кызматкерлерине 3 кызматкерге 15%, 4 кызматкерге 25% өлчөмүндө зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөнүп берилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Асеков |