Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 1/3
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинен 860 583 (сегиз жүз алтымыш мин беш жүз сексен үч) сом акча каражатын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин 860583 (сегиз жүз алтымыш мин беш жүз сексен үч) сом төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
- Айыл аймагындагы балдар бакчасы, клубдун интернет байланышы үчүн - 43200 сом
- Телефон байланышы үчүн - 3000 (үч миң)сом
- Командировочный - 40 000 (кырк миң) сом
- Айыл өкмөтүнө кенсе товарларын алуу үчүн - 45 000 (кырк беш миң) сом
- МЧС - 15 000 сом
- Айыл аймагындагы соц. обьектилеринин таза суу төлөмдөрү үчүн- 50 000 (элүү миң) сом
- Айыл аймагында кольцо көпүрөө алуу үчүн - 60 000 (алтымыш миң) сом
- Даталуу күндөргө - 80 000 (сексен миң) сом
- Айылга сооружение - 150 000(бир жүз элүү миң) сом
- Айыл ичиндеги көчөлөргө шайыл төгүү үчүн - 80 000 (сексен миң) сом
- Ч.Асеков атындагы орто мектеибнпе кабель алуу үчүн - 100 000 (бир жүз миң) сом
- Ит атууга - 20 000 (жыйырма миң) сом
- Аман Шадыбеков тындагы бала бакчага медикамент алуу үчүн - 20 000 (жыйырма миң) сом
- Большевик айылындагы китепканасына китеп алуу үчүн - 10 000 (он миң)сом
- Прочий - 40 000 (кырк миң) сом
- ГСМ - 10 000 (он миң) сом
- Большевик айылын бала бакча курууга долбоор жазуу үчүн АПУ - 50 000 (элүү миң) сом
- Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынан техникалык шарттарын алуу үчүy- 15 000 (он беш миң) сом
- Айылдык кенештин токтомдорун веб. сайтка жарыялоо үчүн - 10 000 (он миң) сом
- Кепилдик кат - 37 489 (отуз жети миң төрт жүз сексен тогуз) сом
Баары: 860 583 - сом
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Асеков |