Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 1/4
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата калдык 2 690 995(эки миллион алты жүз токсон миң тогуз жүз токсон беш) сом акча каражатын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылга карата калдык 2 690 995 (эки миллион алты жүз токсон миң тогуз жүз токсон беш) сом акча каражатын кароо төмөндөгүдөй болуп каралсын.
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүнө комбайн алуу үчүн - 2 590 995 сом
- Таза суунун башына насос алуу үчүн - 100 000 сом
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Асеков |