Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 1/7
Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана малга төлөнө турган жайыт акынын баасын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата 292 200 (эки жүз токсон эки мин эки жүз) сом планы бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин жайыт акысынан айыл өкмөтүнө түшкөн 3/1 бөлүгү жайын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын.
3. Жайыт комитетинин Баш-Кайынды жана Большевик айылдарынын ар бир шартуу баш малга жаз айына 60 күнгө, жай айына -120 күнгө, күз айына -70 күнгө жалпысы- 250 күнгө жайытка мал жаюуга ар бир жылкыдан 90 сом, уйга 90 сом, топозго- 90 сом, кой-эчкиге -10 сом жана Ак-Сай өрөөнүндөгү жайытка мал жаюуда кыштоого жана жайлоого топозго-115 сом, жылкыга - 115 сом, кой - эчкиге -15 сом болуп жайыт акысы бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Мусакановго тапшырылсын.
Тѳрага | Ж. Асеков |