Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/1
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин бардык сессияларын түз эфирде өткөзүү жана социалдык тармактарга жүктөө жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин бардык сессияларын түз эфирде өткөзүү жана социалдык тармактарга жүктөө боюнча №4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат Жалил уулу Аскардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сессиянын жүрүшүн азыркы замандын талабына ылайык жалпы айыл тургундары маалымат алып туруу үчүн, сессиялар түз эфирде өткөзүлүп социалдык тармактарга жүктөлсүн.
2. Түз эфирди уюштуруу, социалдык тармактарга жүктөө жана керектелүүчү шаймандар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |