Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/2
“Нур-Чолпон” бала бакчасынын айланасын тосууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чолпон айылында жайгашкан “Нур-Чолпон” бала бакчасынын айланасын тосуу боюнча “Нур-Чолпон” бала бакчасынын жетекчиси, №4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат Асанкожо кызы Назгүлдүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Нур-Чолпон” бала бакчасынын айланасын тосуу боюнча кеткен чыгымдарга ылайык, долбоорлук-сметалык документтерде көрсөтүлгөн суммада бош акча каражаты болоору менен биринчи кезекте бөлүнүп берилсин.
2. Долбоордук-сметалык документтерин даярдоо жагы “Нур-Чолпон” бала бакчасынын жетекчиси Асанкожо кызы Назгүлгө милдеттендирилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы каржы экономика бөлүм башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |