Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/3
Чолпон, Эпкин, Тармал-Саз, Ак-Чий, Ара-Көл айылдарынын тургундарынын Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча арыз даттанууларынын негизинде депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүү жөнүндө
Чолпон, Эпкин, Тармал-Саз, Ак-Чий, Ара-Көл, айылдарынын тургундарынын Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча арыз даттанууларынын негизинде депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүү жөнүндө №4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат Жеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагында Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу боюнча жергиликтүү тургундардын арыз даттанууларын кароого жана кайрылууларына жооп кайтаруу максатында төмөндөгү курамда депутаттык убактылуу (атайын) комиссия түзүлсүн:
1) Жеңишбеков Чолпонбек-№4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасы;
2) Тентимиш уулу Сабит-№4167 “Оро-Башы” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;
3) Чолпонкул уулу Нурадил-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;
4) Адисбек уулу Майрамбек-№4153 “Ара-Көл” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү;
5) Кооманов Мыктыбек-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат, комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы убактулуу (атайын) комиссиянын төрагасы Ч. Жеңишбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |