Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/5
Жекече турак-жай, короо сарай салуу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү жана КБФ жерлерин арендага берүү, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө берүү боюнча комиссия курамына айылдык кеңештин депутаттарын сунуштоо жөнүндө
Жекече турак-жай, короо сарай салуу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү жана КБФ жерлерин арендага берүү, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө берүү боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Боогачиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жекече турак-жай, короо сарай салуу үчүн жер аянттарын бөлүп берүүгө төмөндөгү айылдык кеңештин депутаттары комиссия курамына сунушталсын:
1) Жеңишбеков Чолпонбек-№4154 “Эпкин” шайлоо округунан депутат;
2) Сыдыкова Чолпон-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат.
2. КБФ жерлерин арендага берүү, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү үчүн берүүгө төмөндөгү айылдык кеңештин депутаттары комиссия курамына сунушталсын:
1) Чолпонкул уулу Нурадил-№4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат;
2) Адисбек уулу Майрамбек-№4153 “Ара-Көл” шайлоо округунан депутат.
3. Жогоруда сунушталган айылдык кеңештин депутаттарын комиссия курамына киргизүү жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Боогачиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |