Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/7
Кошумча өрткө каршы куткаруу бөлүгүн курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2021-жылдын 21-июлундагы №112 кайрылуу катынын негизинде, өрт жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында аймактык өрткө каршы куткаруу бөлүгүн Чолпон айыл аймагынын Эпкин же Чолпон айылдарынын жанынан автоунаа өтүүчү жолдун жээгинен кошумча өрткө каршы куткаруу бөлүгүн курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы полковник Р.С. Төлөнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин же Чолпон айылдарынын жанынан автоунаа өтүүчү жолдун жээгинен кошумча өрткө каршы куткаруу бөлүгүн курууга 30 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесин тактап берүү жагы айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |