Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 3/8
Сугат суу тутумун жакшыртуу жана сугат сууну туура бөлүштүрүү максатында Ак-Чий айылына караштуу Ичке-Кызарт участогундагы жерлерди Узун-Булак айылынын территориясына каратуу жөнүндө
Ак-Чий айылына караштуу Ичке-Кызарт участогундагы жерлерди Узун-Булак айылынын территориясына каратуу боюнча айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сугат суу тутумун жакшыртуу жана сугат сууну туура бөлүштүрүү максатында Ак-Чий айылына караштуу Ичке-Кызарт участогундагы жерлер Узун-Булак айылынын территориясына өткөрүлүп берилсин.
1. Ичке-Кызарт участогу аркылуу сугат суу тутумун башкаруу жана Ичке-Кызарт аркылуу келген сугат суусун туура бөлүштүрүү жагы Узун-Булак айылынын айыл башчысы А. Байдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |