Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 4/1
Балык чарбасын уюштуруу жөнүндө
Балык чарбасын уюштуруу боюнча жалпы айыл тургундарынын кайрылуусун жана айыл өкмөт башчы У. Өмүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон, Тармал-Саз айылдарында жайыт жерлери тар болгондугуна байланыштуу көпчүлүк айыл тургундарынын сунушун жана протоколун эске алуу менен ички жайыт жерлери балык чарбасын уюштурууга берилбесин.
2. Чолпон айыл аймагынын Чолпон жана Тармал-Саз айылдарынан башка айылдардан балык чарбасын уюштурууга ички жайыт жерлери көпчүлүк элдин сунушу жана макулдугу аркылуу протокол менен бекитилип берилсин.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ЖПБнин убактылуу милдетин аткаруучу А. Капасовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |