Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 4/2
“Чоң-Туз” шахтасынын ижара акысынан түшкөн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чолпон айылында жайгашкан “Нур-Чолпон” бала бакчасынын айланасын тосуу боюнча бала бакчасынын жетекчиси Асанкожо кызы Назгүлдүн, “Бүчүр-Таалай” бала бакчасынын учурдагы оңдоо иштерин жасоо боюнча бала бакчасынын жетекчиси Т. Садыбакасованын жана мектеп бала-бакчалардын электр энергияга карызын төлөө тууралуу каржы экономика бөлүм башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Чоң-Туз” шахтасынын ижара акысынан түшкөн 492,0 миң сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
2. “Нур-Чолпон” бала бакчасынын айланасын тосууга 358,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. “Бүчүр-Таалай” бала бакчасынын учурдагы оңдоо иштерине 34,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Мектеп, бала бакчалардын электр энергияга карызын төлөө үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Акча каражатын бөлүп берүү жагы каржы экономика бөлүм башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |