Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 2/2
Чолпон орто мектебинин башталгыч класс бөлүмүнүн жылытуу тутумун оңдоого жана Ак-Чий орто мектебинин чатырын алмаштырууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чолон айылдык кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XXXVIII сессиясында №38/4 токтому менен Эпкин айылынын бала-бакчасына долбоордун өздүк салымына бөлүнгөн 200,0 миң сом акча каражаты долбоор келбей калгандыгына байланыштуу Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Чолон айылдык кеңешинин депутаттарынын VI чакырылышынын XXXVIII сессиясында №38/4 токтому менен Эпкин айылынын бала-бакчасына долбоордун өздүк салымына бөлүнгөн 200,0 миң сом акча каражаты долбоор келбей калгандыгына байланыштуу төмөндөгү тартипте бөлүштүрүлсүн:
1. К. Акназаров атындагы Чолпон орто мектебинин башталгыч класс бөлүмүнүн жылытуу тутумун оңдоого 130,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Чий орто мектебинин чатырын алмаштырууга 70,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Сметалык документтерин даярдоо жагы К. Акназаров атындагы Чолпон орто мектебинин директору Р. Айдаркуловго жана Ак-Чий орто мектебинин директору Д. Айдарбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |