Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 2/6
Чолпон айылынын Тамара көчөсүнүн батыш тарабындагы кичи көчөнү оңдоо жөнүндө
Чолпон айылынын Тамара көчөсүнүн батыш тарабындагы кичи көчөнү оңдоо, асфальттын калдыктарын төктүрүү, көпүрө орнотуу жумуштары боюнча №4150 “Чолпон” шайлоо округунан депутат Чолпонкул уулу Нурадилдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылынын Тамара көчөсүнүн батыш тарабындагы кичи көчөнү оңдоо, асфалттын калдыктарын төктүрүү, көпүрө орнотуу боюнча иш алып баруу жагы жана “Синогидро джоинт венчур пауер чайна роуд бридж” ЖЧКсына кайрылуу жагы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |