Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/1
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Чолпон айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренесинин 2 пунктунун талабына ылайык жашыруун добуш менен шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын жана эсептөө комиссиясынын курамдык санын түзүү максатында Чолпон айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамы 3 депутаттан түзүлсүн.
- Ж. Байсымакова – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын төрайымы;
- А. Бейшеев – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын катчысы;
- Жалил уулу А. – айылдык кеңешинин депутаты, эсептөө комиссиясынын мүчөсү.
2. Мыйзам чегинде шайлоону өткөрүү жагы эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Абдраимов |