Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/2
Балык чарбасын өнүктүрүү максатында жерлерди бөлүп берүү жана тарифин бекитүү жөнүндө
Балык чарбасын өнүктүрүү максатында Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Балык чарбаларын уюштурууга жайыт жерден берилген жерлерге 1жылга 1 гектарына ижара акысы 5000 (беш миң) сомдон бекитилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ЖПБ төрагасы У.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |