Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/3
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында малчылардын көчүп-конуу мөөнөтүн белгилөө жана мал багуунун акысын бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Өмүрбеков Урматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көчүп-конуу мөөнөттөрү:
-Ортоңку жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрү 20-апрелден 1-майга чейин;
-Ыраакы жайыттарга көчүп конуу 1-июндан 10-июнга чейин;
-1-октябрдан ыраакы жайыттардан ички жайыттарга көчүп түшүү мөөнөтү белгиленсин;
-Айдоо аянттары 25-апрелден баштап корук болсун.
2. Малчылардын малга алган акысы:
-бодого 450 сом;
-майда жандыктарга (кой, эчки) 45 сом;
-музоо, кулунга 250 сом болуп бекитилсин.
3. Малчыларга жайыт билеттерин, келишимдерин дярдап берүү жагы жайыт пайдалануу бирикмесине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |