Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/4
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майлардын чыгым көлөмүн аныктоо жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл башчыларынын, механизаторлордун пикирлерин эске алуу менен Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майларынын сарыпталышы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
№ | Аткарылуучу жумуштар | Эмгек акысы (1 га жерге, сом) | Күйүүчү-майдын өлчөмү (1 га жерге, литр) |
1 | Кош айдоо (дөңгөлөктүү) | 1300-00 | 20 |
2 | Кош айдоо (каз тамандуу) | 1300-00 | 25 |
3 | Үрөөн себүү (48) | 600-00 | 10 |
4 | Бир жолу себүү | 450-00 | 10 |
5 | Эки жолу себүү | 700-00 | 15 |
6 | Тырмоо | 450-00 | 10 |
7 | Тегиздөө (планировка) | 450-00 | 10 |
8 | Таптоо (катки) | 400-00 | 8 |
9 | Жатка | 1100-00 | 10 |
10 | Чөп пресстөө | 1200-00 | 10 |
11 | Саман пресстөө | 1000-00 | 10 |
12 | Чөп тартуунун 1 рейси | 500-00 | 5 (аралыкка жараша) |
13 | Үрөөн тазалоо тоннасы | 500-00 | - |
14 | Үрөөн тазалоо мүшөгү | 25-00 | - |
15 | Үрөөн даарылоо 1 га жерге | 125-00 | - |
16 | Үрөөн тартууга 1 га жерге | 50-00 | аралыкка жараша |
17 | Мала тартуу | 450-00 | 10 |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |