Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/5
Айыл өкмөтүндөгү үлүш жерлердин, огороддордун ашыкчаларын карап, ченеп чыгууга комиссия курамын түзүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда огороддорду жана үлүш жерлерин инвентаризациялоо жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А. Исаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүндө турак-жай салууга жер тилкелери жетишсиз болгондуктан, айыл тургундарына үлүшкө бөлүнүп берилген жерлер айрымдарыныкы жетпегендиктен жана турак-жай салуу үчүн кезекке турган жарандардын суроо, талаптарын аткаруу максатында ар бир турак-жай ээлеринин ашыкча болгон огороддоруна жана айдоо жерлерине инвентаризациялоо жүргүзүлсүн.
2. 2016-2017-жылдагы мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлгөн инвентаризациялоодо Чолпон айыл өкмөтү боюнча 818 га айдоо аянты ашык көрсөтүлгөндүктөн, ашык жерлер такталып,айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
3. Комиссия курамына Кочкор райондук архитектурасын, тиешелүү адистерди кошуу менен комиссия курамы түзүлсүн.
4. Комиссия курамын буйруктун негизинде бекитип берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |