Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/8
Чолпон, Эпкин, Ак-Чий, Оро-Башы айылдарына сугат сууну бөлүштүрүү жөнүндө
Сугат суусун бөлүштүрүү боюнча Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сугат суунун тартыштыгына байланыштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн Чолпон айылында 260 га, Эпкин айылында 812 га, Ак-Чий айылында 155 га жана Оро-Башы айылында 500 га жалпысы 1727 га айдоо аянтка сугат суу жетишпегендиктен (суунун тартыштыгына байланыштуу) үнөмдүү пайдалануу, туура бөлүштүрүү максатында Чолпон, Эпкин, Ак-Чий, Оро-Башы айылдарында сугат суу төмөндөгү тартипте бөлүштүрүлсүн:
№ | Айылдын аталышы | Айдоо аянт | Күнү |
1 | Чолпон | 260 га | 4 күн |
2 | Эпкин | 812 га | 14 күн |
3 | Ак-Чий | 155 га | 3 күн |
4 | Оро-Башы | 500 га | 9 күн |
Жалпысы | 1727 га | 30 күн | |
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Токтомушов |