Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 40/10
Балдар аянтчасын курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Эпкин айылынын жашоочуларынын демилгеси менен айылды өнүктүрүү максатында балдар ойноо үчүн аянтча курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө суранышкан өтүнүчүн эске алуу менен № 4154 “Эпкин” шайлоо аймагынан депутатЖеңишбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин айылынын жашоочуларынын көтөрүп жаткан демилгеси айылды өнүктүрүү жана жаш муундарга шарт түзүү максаты экендигин эске алуу менен колдоого алынсын.
2. Эпкин айылынын Намаз уулу Кутман жана Жолдошов Абдыгазы көчөлөрүнүн кесилишинин күн батыш тарабынан, көчөнүн бурчунун балдар ойноо үчүн аянтча курууга 10 (он) сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянтына буйрук чыгарып, тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Токтомушов |