Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 39/4
Айыл аймагындагы жаңы конуштарга, көчөлөргө электр зым чубалгыларын, карагайларын алмаштыруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнүн чыгымдар боюнча адиси Сатыбек уулу Тилектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жаңы конуштарга, көчөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу жана айыл тургундарынын жашоосуна көңүл бөлүү максатында электр зым чубалгыларын, карагайларын алмаштыруу үчүн акча каражаты ар бир айылга 2020-жыл ичинде пайдаланылбай бош калган акча каражатынан бөлүнүп берилген 169 000-00 сом каражаттын ичинен бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы конуштарга канча зым карагай керектелери жөнүндө тактап чыгуу жагы ар бир айыл башчыга жана Чолпон электр тармактар барчасына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
Төрага | Т. Токтомушов |