Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 6-1
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы №1 КААБдын аксакалдар сотунун мурдагы төрагасы Ж. Сатиевдин жаш курагы жана ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен төрагалыктан бошотуу тууралуу жазган арызынын негизинде жана “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
1) Сатиев Сейдакмат – Ат-Башы айылынын карыялар
кеңешинин төрагасы;
2) Исакунов Базаркул – пенсияда;
3) Сулайманов Төлөгөн – пенсияда;
4) Жусупов Жаныш – кварталдык комитеттин башчысы;
5) Султаналиев Жумамүдүн – кварталдык комитеттин башчысы;
6) Шадыбекова Фатима – пенсияда;
7) Бусурманкулов Рүстөм – диний ишмер;
8) Маликова Жүрсүн – пенсияда;
9) Бекбогулова Жамал – кварталдык комитеттин башчысы.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентине ылайык жүргүзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |