Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 5-3
2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Жаңы салынып жаткан бала бакчанын курулушуна – 5 000 000 сом;
2) К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоого кошумча каражат – 572 000 сом;
3) Ат-Башы РМАнын маңдайындагы флагштокко желек алууга – 45 000 сом;
4) Электр линия тартууга кошумча каражат – 110 000 сом;
5) Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине санузел салуу үчүн каралган долбоорго өздүк салым – 120 000 сом;
6) Топосьемкага – 200 000 сом;
7) Өзгөчө кырдаалга – 300 000 сом;
8) Резервдик фондго – 40 000 сом;
9) Күйүүчү-майлоочу материалга (ГСМ) – 63 000 сом;
10) АРИС долбоорунун азык-түлүк программасы боюнча Дамбыны бекемдөө үчүн кубик куюп иштеген жарандарга керектелүүчү материалдарды алууга – 400 000 сом ;
11) Аттарга чөп алууга кошумча каражат– 10 000 сом;
12) Ар кандай чыгымдарга – 77 000 сом;
13) Видеокамера – 60 000 сом;
14) Насос жана көпүрөгө асбест түтүкчөлөрүн алууга– 100 000 сом;
15) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлерди окутууга – 30 000 сом;
16) Архитектура кызматтары үчүн (ПСД, топосьемка, ар кандай кызматтар) – 200 000 сом;
17) Доо арыздар боюнча мамлекеттик пошлинага – 20 000 сом;
18) Айыл өкмөттүн имаратына жылытуу системасын орнотууга– 225 000 сом;
19) Сейф алууга – 15 000 сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |