Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 15-июлу № 5-4
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
1) Жайыттан түшкөн акча каражаты 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
Чыгаша бөлүгү:
2) Эмгек акы, соц.фондго 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |